Германияда 31 миң киши жарыла элек бомбанын айынан көчүрүлдү

Германияда жыл сайын ондогон жарыла элек бомба табылууда.

281699
Германияда 31 миң киши жарыла элек бомбанын айынан көчүрүлдү


Германиянын түндүгүндөгү Ганновер шаарында 31 миң киши жарыла элек бомбанын себебинен убактылуу көчүрүлүп кетти.
250 килограмм салмактагы бомба, мурда лицей катары колдонулган бир имараттын курулуш иштери убагында табылды.
Адистердин изилдөөсүнөн кийин чөйрөдөгү кыштактардын бошотулушуна чечим чыгарылды.
Экинчи Дүйнөлүк согуштан 70 жыл өткөнүнө карабастан Германияда жыл сайын жарыла элек ондогон бомба табылууда.
Ганновер Экинчи дүйнөлүк согуш убагында шериктеш күчтөр тарабынан катуу бомбаланган шаарлардын бири. 1943-жылы шаарды бомбалоодо бир учурда 261 бомбадан ташталчу экен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар