Ватикан Палестинаны кабыл алды
Европада Палестинаны бир мамлекет катары ушул кезге чейин Швеция, Венгрия, Мальта, Исландия, Орусия, Словакия, Болгария сыяктуу өлкөлөр тааныды
Палестинанын мамлекет катары кабыл алгандардын арасына Ватикан да кошулду. Ватикан Палестина башкаруусу менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында даярдаган келишим тексттинин "тараптар" каанасына "Палестина мамлекети" деп жазды. Бул абал Ватикандын дипломатиялык мааниде Палестинаны таануу деген мааниге келет. Ватикан БУУнун Жалпы Кеңеши тарабынан 2012 - жылы Палестина мамлекетинин таанылуусу багытында чыгарылган чечимди да ыраазычылык менен беттешкен болчу. Палестинанын мамлекет башчысы Махмут Аббастын жуманын акырында Ватиканды зыярат кылуусу күтүлүүдө. Европада Палестинаны бир мамлекет катары ушул кезге чейин Швеция, Венгрия, Мальта, Исландия, Орусия, Словакия, Болгария сыяктуу өлкөлөр тааныды.
Ирландия, Англия, Италия, Бельгия, Дания, Испания, Португалия жана Люксембург парламенттери да Палестина мамлекетинин таанылуусу багытында баш ийдирүүчү болбогон чечимдерди чыгарды.
Тектеш кабарлар
Бразилияда болгон сел
Бразилияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 158ге жетти.