Йеменде ок атууну токтотуу эрежелери бузулду

Шаардын түндүгүндөгү Ес - Ситтин проспектисинде болсо жарылуу үндөрү угулду

274371
Йеменде ок атууну токтотуу эрежелери бузулду

Йеменде дүйшөмбү күнү ишке кирген 5 күндүк ок атууну токтотуу келишими дагы бузулду. Таиз шаарынын Ел - Хасаб  жана Ел - Мурур маалаларында президент Абдураббу Мансур Хади жактоочусу элдик көтөрүлүш күчтөрү менен шиит хусилеринин ортосунда катуу кагылышуулар чыкты. Шаардын түндүгүндөгү Ес - Ситтин проспектисинде  болсо жарылуу үндөрү угулду. Дали шаарында хусилер ок атууну токтотуунун башталуусунан 1 сааттан кийин  бир маалага ок атты. Жевт шаарында да уруулар менен хусилердин ортосунда кагылышуулар чыкты. Жергиликтүү булактар маанилүү санда кошумча күч алган хусилердин каршы чыккан күчтөрдүн текшерүүсүндөгү жерлерди колго алуу үчүн эреже бузганы билдирлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар