АКШ Кипрдеги тараптарга колдоо көрсөтөт

АКШ Кипр сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан башталуусун ыраазычылык менен кабыл алды.

272422
АКШ Кипрдеги тараптарга колдоо көрсөтөт


Кипрде тараптардын сүйлөшүүлөрдүн 15-майда кайрадан баштатылуусуна байланыштуу чечими Вашингтон башкаруусу тарабынан да ыраазычылык менен кабыл алынды.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Бернадетт Михан БУУнун карамагындагы процессти толук колдогондорун таскыктады.
Михан процессте тараптарга пайдалуу боло турган ар кандай жардам көрсөтүүнү каалагандарын белгиледи.
Катчы Михан аралдын мүмкүн болушунча эң кыска убакта эки аймактуу, эки коомчулуктуу федерация катары кайрадан бириктирилүүсүнө карай туруктуу чечүүчү жол табуулары үчүн тараптарга колдоо көрсөтүлгөнүн да эске салды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар