Йеменде 5 күндүк ок атууну токтотуу жарыяланды

Ел – Жубейр ок атууну токтотуунун аймактагы шарттарга карата 5 күндөн кийин дагы узартылышы мүмкүн экенин белгиледи

267956
Йеменде 5 күндүк ок атууну токтотуу жарыяланды

АКШнын мамлекеттик катчысы Керри жана Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Ел – Жубейр Йеменде 12- майдан баштап 5 күн ок атууну токтотуунун жарыяланганын билдиришти.
Франциянын борбор шаары Париждеги АКШнын элчилик резиденциясында жолугушкан Сауд Арабстандын тышкы иштер министри Ел – Жубейр менен АКШнын мамлекеттик катчысы Керри жолугушуудан кийин биргелеше пресс – жыйын өткөрүштү. Жыйында сөз сүйлөгөн Керри : «Йеменде 12 - май шейшемби күнү саат 23төн баштап ишке кире турган 5 күндүк ок атууну токтотуу жарыяланды. Ок атууну токтотуу тынчтык деген мааниге келбейт. Йеменде тараптар саясий чечүүчү жол табуу үчүн сүйлөшүүгө отурушат»,- деди.
Керри Йемен калкынын муктаждыктарынын камсыз кылынуусу жана тынчтыкчыл чечүүчү жолдун табылуусу үчүн Енсаруллах (хусилер) кыймылына жана аларга колдоо бергендерге ок атууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо боюнча эскертти. Ел – Жубейр болсо ок атууну токтотуунун аймактагы шарттарга карата 5 күндөн кийин дагы узартылышы мүмкүн экенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар