Керри Сауд Арабияда

Керри Риядда жолугушууларды өткөрүүдө.

265017
Керри Сауд Арабияда

Йеменде чыңалуу күчөп баратканда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сауд Арабияда.
Керри алгач Сауд Арабстандын мураскор принци жана тышкы иштер министри Мухаммед бин Найиф менен борбор шаар Риядда жолугушту.
Мухаммед бин Найиф менен Керри эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды күчтөндүрүү менен катар аймактагы жана эл аралык темаларды карашты.
Жолугушууга Вашингтонду өкүлдүк кылган мамлекеттик департаментинин өкүлү Мари Харф, Керринин Жакынкы Чыгыш карым-катнаштары боюнча жооптуу орун басары Энн Паттерсон жана АКШнын Рияддагы элчилигинен жооптуулар да катышты.
Мари Харф Керринин Риядда Булуң Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен да жолугушаарын жана орток аймактык маселелер менен коопсуздук тармагында кызматташтык темаларын сүйлөшө турганын билдирди.
Керри Сауд Арабиядагы жолугушууларында, гуманитардык жардамдардын жеткирилип таркатылуусу үчүн Йемендеги кагылышууларга тыныгуу берилүүсү чакырыгын да айтат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар