Жон Керри Сомалиде жолугушууларды өткөрдү

Керри бир канча саатка созулган сапарында жооптуулар менен террордук уюм Эшшебабга каршы күрөшүү темасын сүйлөштү.

263251
Жон Керри Сомалиде жолугушууларды өткөрдү

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сомалиге барды.
Бул өлкөгө сапар жасаган алгачкы АКШнын мамлекеттик катчысы болгон Керри Могадишо аэропортунда президент Хасан Шейх Махмуд тарабынан тосулуп алынды.
Махмуд аэропортто Керриге сапарынан улам ыраазычылыгын билдирди.
Жон Керри коопсуздук себебинен жашырылган жана бир канча саатка созулган сапарында жооптуулар менен террордук уюм Эшшебабга каршы күрөшүү темасын сүйлөштү.
Керри мурдагы күнү барган Гариссе университетине бул уюм акыркы жолу өткөн айда кол салып, окуяда көпчүлүгү студенттерден турган 147 киши көз жумган.
Жон Керри сомалилик качкындарды кабыл алган Кениядагы жолугушуулары убагында бул өлкөгө 100 миллион доллардык жардам убада кылды.
Керринин мындан кийинки аялдамасы Жибути болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар