Барзани - Обама - Байден жолугушуусу

Жолугушуулардын негизги күн тартип беренесин ДАИШ террордук уюмун күчсүздөнтүү жана жок кылууга карата күрөшүү планы түздү

263595
Барзани  - Обама - Байден жолугушуусу

Ирак күрт аймактык башкаруусунун лидери Месут Барзани АКШнын борбор шаары Вашингтондо президент Барак Обама жана вице – президент Жо Байден менен жолугушту. Жолугушуулардын негизги күн тартип беренесин ДАИШ террордук уюмун күчсүздөнтүү жана жок кылууга карата күрөшүү планы түздү. Ирак калкынын муктаждыктары жана өлкөдөгү бардык коомдордун ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүүгө карата улантылып жаткан саясий инциативдер да жолугушуунун башка бир маанилүү күн тартип беренеси эле. Ак үйдөн жасалган маалыматта Обама жана Байдендин Ирак конституциясында аныкталгандай бириккен федерал жана демократиялык бир Иракка карата туруктуу убадаларын кайрадан баса белгилешкени билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар