АКШ ДАИШтин 4 лидеринин башына сыйлык сайды

4 лидер тууралуу маалымат бергендерге жалпы 20 миллион долларга жеткен сыйлык берилет.

263698
АКШ ДАИШтин 4 лидеринин башына сыйлык сайды

Америка Кошмо Штаттары террордук уюм ДАИШтин 4 лидеринин башына сыйлык сайды.
Аты аталган 4 кишинин кайда экендиктери жөнүндө маалымат бергендерге жалпы 20 миллион долларга жеткен сыйлык берилет.
АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын билдирүүсүндө, «Адилеттик үчүн сыйлык» программасынын негизинде ДАИШ уюмунун лидерлеринен Абдулрахман Мустафа Аль Кадули үчүн 7 миллион доллар, Эбу Мухаммед Аль Аднани менен Таркан Таюмуразович Батирашвили үчүн 5 миллион доллардан жана Тарык Бин Аль Тахар Бин Аль Фалих Аль Авни Аль Харзи үчүн 3 миллион доллар сыйлык бериле турганы маалымдалды.
Билдирүүдө Кадулинин биринчи Аль-Каиданын Ирактагы бөлүмүнө кошулган ДАИШтин жогорку деңгээлдеги мүчөсү, Аднанинин ДАИШтин катчысы, Батирашвилинин Сириянын түндүгүндөгү ДАИШ командири жана Харзинин да уюмдун Сириянын түндүк чек ара аймагындагы лидери экени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар