Непалдагы абал

Непалдагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 7 миң 40, жаракат алгандардын саны 14 миң 123, миңдеген киши дагы эле табыла элек.

259368
Непалдагы абал

Непалдагы 7,9 баллдык жер титирөөнүн чыгымы оор болду.
Каза болгондордун саны 7 миң 40, жаракат алгандардын саны 14 миң 123, миңдеген киши дагы эле табыла элек.
28 миллиондук Непалда калктын санынын үчтөн бир бөлүгү жер титирөөдөн таасир алды.
Муссон жамгырлары жакындап калды, кыйрап калган 600 миң үйдө жашагандардын көпчүлүгүнүн баш калкалай турган жерлери жок.
Канализация жана ичиле турган суу желелери талкаланган жер титирөө аймагында элдин эң көп муктаж болгон нерсеси таза ичиле турган суу...
Адистер, ичиле турган суу жана айлана-чөйрө тазалыгы темасында жетиштүү чара көрүлбөгөн учурунда жугуштуу оору жайылышы мүмкүн кендиги боюнча эскертишүүдө.
Өлкөнүн туризмине да сокку урган жер титирөөдө, 12си дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинде кирген 14 тарыхый үй зыянга учурады.
Өлкөнүн эң чоң туристтик баалуулугу болгон Эверест тоосунда да жер титирөө убагында жер көчүп, арасында туристтер да болгон жүздөгөн киши каза болду.
Эң акырында 50 кишинин сөөгү чыгарылган Эверест тоосунда 200 кишиден дагы эле дайын жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар