Йермук качкындар лагерине кол салуу жасалды

Йермук качкындар лагеринде өлкөдөгү ички согуштан мурда 950 миң киши калган болсо азыр бул сан 18 миңге төмөндөдү

258954
Йермук качкындар лагерине кол салуу жасалды

Сирия армиясына таандык тик учар Дамасктын түштүгүндөгү Йермук качкындар лагерине 9 «баррель бомбасы» менен кол салды. Лагердеги жергиликтүү активисттер режим кол салган аймактарда абдан чоң материалдык чыгымдын болгонун айтышты. Активисттер айрыкча : «Йермукта адамзаттык абал күн өткөн сайын начарлап баратат. Калк азык – түлүккө муктаж жана лагерге берилген жардамдар болсо жетерсиз»,- деди. Борбор шаардын түштүгүндөгү жана 3 жылдан бери Дамаск башкаруусуна караштуу күчтөрдүн курчоосу астындагы Йермук качкындар лагеринде өлкөдөгү ички согуштан мурда 950 миң киши калган болсо азыр бул сан 18 миңге төмөндөдү.
Йермук качкындар лагеринде көпчүлүгү Израиль тарабынан Голан дөңсөөсүндөгү жерлеринен чыгарылган сириялыктар менен палестиналык көчмөндөр жашоодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар