Украинада кырсыкка учураган Малайзия учагы

Изилдөө кеңеши кырсык тууралуу акыркы отчетун азырынча бүтүрө элек

257906
Украинада кырсыкка учураган Малайзия учагы

Амстердам - Куала Лумпур каттамына чыккан жана 17 - июлда Украинада кырсыкка учуруган Малайзия аба жолдоруна таандык учак кырсыкка учураган жерде жасалган иликтөөлөр аяктады. Жүрүнчүлөргө таандык сөөктөрдүн бөлүкчөлөрү жана буюмдар эртең Нидерландияга алып барылат. Сөөк бөлүкчөлөрү аныктоо үчүн Хилверсюм шаарындагы аскердик казармага алып барылат. Жүргүнчүлөрдүн буюмдары болсо Нидерландияда жасала турган иликтөөдөн кийин каза болгондордун жакындарына берилет. 17 - июлда кырсыкка учураган учактагы 283 жүргүнчү жана 15 экипаждан кутулган болгон жок. Кырсыкта каза болгондордон 196сы Нидерландия жараны болгон. Каза болгон жүргүнчүлөрдөн ушул кезге чейин нидерландиялык экени белгиленген эки кишинин гана ким экени белгилене албады. Нидерландия коопсуздук иликтөө кеңеши кырсык тууралуу даярдаган отчетунда учактын тыштан келген бир нерсе менен түшүрүлгөнүн, учкучтук жаңылыштык эмес экенин билдирген. Изилдөө кеңеши кырсык тууралуу акыркы отчетун азырынча бүтүрө элек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар