Конгресс мүчөлөрүнө Түркия тууралуу кат жөнөтүлдү

АКШ Конгрессинин Түркия боюнча достук тобунун тең төрагалары, Конгресстин мүчөлөрүнө Түркия-Америка карым-катнаштарынын маанисин баса белгилеген кат жөнөттү.

256029
Конгресс мүчөлөрүнө Түркия тууралуу кат жөнөтүлдү

АКШ Конгрессинин Түркия боюнча достук тобунун тең төрагалары, Конгресстин мүчөлөрүнө Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүгө кошкон салымдарын жана жалпысынан Түркия-Америка карым-катнаштарынын маанисин баса белгилеген кат жөнөттү.
Кат, теңтөрагалар Республикачыл партиянын эл өкүлү Виржиния Фокс жана Эд Уитфилд менен Демократ партиянын эл өкүлдөрү Стив Коэн жана Жерри Коннолли тарабынан жазылды.
Катта, АКШнын НАТОдогу шериктеши Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүдө ойногон ролунун маанисине токтолду.
Айрыкча Түркиянын Сирия жана Ирак менен узун чек арага ээ болгон өлкө катары ДЕАШ тектүү террор коркунучу менен түздөн-түз бетме-бет келгени баса белгиленди.
Анда, ДЕАШ террористтери тарабынан Түркиянын ичинде ыктымалдуу кол салуулар пландалганына байланыштуу кооптонуулар да сөз кылынды.
Түркиянын уланып жаткан ДЕАШ коркунучунун алдында чек ара коопсуздугун арттырууга карай көп сандаган чара көрүлгөнүнө көңүл бурулган катта, чек араны мыйзамсыз түрдө өтүүгө аракет кылып кармалгандардын саны өсүп баратканы баса белгиленди.
Түркиянын баалуу коопсуздук өнөктөшү болгону бир канча жолу далилденгени эске салынган катта, Түркиянын ошол эле учурда Ирак жана Сирияга байланыштуу «гуманитардык жардам лидери» болгону да белгиленди.
Катта, Түркиянын 2 миллиондон ашуун сириялык качкындын гуманитардык муктаждыктарын камсыздоо жагынан абдан жоомарттык кылганы баса белгиленди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар