Жанар тоо жарылып эки айыл бошотулду

Калбуко жанар тоосунун 210 миллион метр куб күл атырылтканы билдирилди

254628
Жанар тоо жарылып эки айыл бошотулду

Индонезиядагы Синабунг жанар тоосунда жарылуу болду. Жарылуу Каро шаарындагы айылдарда 5 үйдүн өрттөнүүсүнө себеп болду. Жарылуудан кийин пайда болгон күл булуту Каро шаарына караштуу Тига Панжур айылынан көрүндү. Эки айыл да бошотулду.
Бир тараптан Чилиде жарылган Калбуко жанар тоосунун 210 миллион метр куб күл атырылтканы билдирилди. Борбор шаар Сантьягонун миң километр түштүгүндөгү жанар тоосуна 20 километр жакындагы отурукташуу жерлерин бошотуу улантылууда. Кыштакта жашаган 1500 киши чыгарылды. 40 жылдан кийин аракетке өткөн Калбуконун чоң көлөмдө күл атырылтканы билдирилген болчу. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар