Анжелина Жоли БУУну сынга алды

Жоли Европа өлкөлөрүнүн көчмөндөрдү кабыл албаганына жана Жер Ортолук деңизинде каза болгондорго көңүлдөрдү бурду

249832
Анжелина Жоли БУУну сынга алды

БУУнун Жогорку Комиссарлыгынын атайын элчиси америкалык актриса Анжелина Жоли Коопсуздук Кеңешинде уюлдашуларды сынга алды. Сириядагы кризисти соңуна чыгаруу үчүн биримдикке чакырды.
Оскар сыйлыгынын ээси, америкалык актриса Анжелина Жоли БУУда болуу себебин бул сөздөр менен билдирди. Анжелине Жоли милдетинин кагылышууларга бөгөт болуу, саясий чечүүчү жол таап адамдарды куткаруу экенин эске салды.
Белгилүү актриса бирок Коопсуздук Кеңешинин жоопкерчилигин орундатпаганын, ошондуктан Сирияда ийгиликтүү боло албаганын жана өлкөдөгү абалдын дагы да начарлап баратканын айтты. Жоли Коопсуздук Кеңешиндеги уюлдашууну сынга алды. Анжелина Жоли сириялык көчмөндөрдүн трагедиясын жашап жаткан лагерлерде көргөнүн айтты.
Жоли бул адамдардын Коопсуздук Кеңешине барып кыйынчылыктарын айтуу мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан өкүлдөрдүн лагерлерге барып болгондорду ордунда көрүүлөрү керектигин суранды. Жоли Европа өлкөлөрүнүн көчмөндөрдү кабыл албаганына жана Жер Ортолук деңизинде каза болгондорго көңүлдөрдү бурду. Коопсуздук Кеңеши маалымат берүү жыйынында сөз болгондор да Сириядагы кризистин ашылуусу жана адам укуктарын бузууну токтотуу үчүн курал эмбаргосу жана санкциялардын киргизилиши керектигин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар