Йемен операциясы аяктады
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Йеменге чукул түрдө гуманитардык жардам берүү керектигин айтты
Йеменде Сауд Арабстандын жол башчылыгында 26 - мартта хусилерге карата башталган «Чечкиндүүлүк борошосу» операциясы аяктады.
Сауд Арабстан менен бирге операцияга катышкан Булуң өлкөлөрү менен түзүлгөн коалиция эми саясий чечүүчү жолго көңүл бурат.
Мамлекет башчысы Абдраббу Мансур Хади операциянын максатына жеткенин билдирди. Сауд Арабстандын коргоо министрлиги «Чечкиндүүлүк борошосунун» ордуна «Үмүттүн кайрадан пайда болушу» операциясынын башталганын билдирди. Бүгүн башталуусу пландалган бул жаңы операциянын максаты Йемендин кайрадан курулушу жана ырааттуулуктун сакталуусу. Министрлик жаңы операциянын гуманитардык жардам операциясы деп улантыларын да белгиледи. Коалициянын катчысы Ахмед Асыры болсо Йемен өкмөтү жана мамлекет башчысынын талабынын негизинде аяктаган операцияларда 2 миң 415 абадан кол салуунун болгонун билдирди.
"Чечкиндүүлүк борошосу" операциясынын аяктаганын Twitter эсебинен жарыялаган Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф : "Йемендеги оң абалдардан кийин бул өлкөгө чукул түрдө гуманитардык жардам жеткирилиши керек, тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр башталып жана өлкөдө кенен масштабдуу өкмөт курулушу керек. Биз дагы жардам берүүгө даярбыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.