Украинада абал
Украинанын чыгышында февраль айында түзүлгөн ок атууну токтотууга карабастан зомбулук окуялары улантылууда
Донецк шаарынын жакындарында чыккан кагылышууларда 1 Украина аскери каза болуп, 1 аскер жараланды. Ошол эле учурда АКШ кагылышуулар тескери таасирин тийгизген аймактарга 18 миллион долларлык гуманитардык жардам берерин билдирди.
АКШнын вице – президенти Жо Байден Украинанын президенти Пётр Порошенкого телефон чалып гуманитардык жардам тууралуу маалымат берди. 18 миллион долларлык жардам убактылуу баш калкалоо, азык – түлүк, иче турган суу, гигиеналык материалдар жана дары – дармектен турат. Бир тараптан 300 аскерден турган Америка бөлүгү Львов шаарынын жакындарындагы аскердик полигондо өткөрүлгөн расмий салтанат менен тосулуп алынды. 300 деңиз жөө аскери 6 ай украиналык аскерди машыктырат. 3 этаптан турган аскердик машыгуу иштерине 900 украиналык аскер катышат.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.