Афганстанда кол салуу
Кол салууда 33 киши каза болду
240426
Афганстанда жасалган жан кечтилик кол салууда 33 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жараланды. Кол салуу өлкөнүн чыгышындагы Нангархар шаарында жасалды. Бомба жайгаштырылган мотоциклдын киши көп болгон базар жеринде жардырылганы билдирилди. Жаралангандардын арасында көп сандаган оор жаралуулардын бар экени жана каза болгондордун санынын артышы мүмкүн экени белгиленди. Талибан болсо кол салуудан жооптуу эмес экенин жана эч качан жарандарды бутага албаганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.