Ватикан сөзүн кайтарып алды

Папалыктын маалымат катчысы Ломбарди Ватикандан айтылган сөздүн бир декларациядан чолуп алынганын маалымдады.

237971
Ватикан сөзүн кайтарып алды

Папанын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу колдонгон сөздөрү тууралуу Ватикан сөзүн кайтарып алгандай мүнөздөгү ачыктоо жасады.
Папалыктын маалымат катчысы Федерико Ломбарди Папанын сөздөрүнүн мындан мурда жарыяланган бир декларациядан чолуп алынганын белгилеп, Түркиянын каршылык көрсөтүүсүн эске алгандарын жарыялады.
Федерико Ломбарди: «Папа, өтмүштө Жан Поль экинчи жана Гарегин тарабынан кол коюлган орток декларацияга шилтеме кылды жана «геноцид» сөзүн чолуп алынган маалымат боюнча колдонду. Башкача айтканда чындыгында ал бул сөздүн колдонулушунун уландысын көрсөттү. Түрк жана армян калктарынын арасында диалог курулушу жөнүндөгү оң каалоолорун да билдирди»-деп айтты.
Федерико Ломбарди Президент Режеп Таййип Эрдогандын тарыхчылардан турган кошмо комиссиянын түзүлүүсү жөнүндөгү сунушун оң деп тапкандарын да кошумчалады.
Бир тараптан Түркиянын Римдеги элчиси Айдын Аднан Сезгин «Il Messaggero» геитине берген маегинде Түркиянын Папанын сөздөрүнөн көңүлү калганын айтты.
Элчи Сезгин маегинде Папанын ноябрь айындагы Түркия сапары убагында армян маселесине байланыштуу тынчтык жана макулдашуу жөнүндөгү көз караштарын сөз кылганын да эскертти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар