«Чоң жетилик» Германияда чогулду

"Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны бүгүн аяктайт.

236071
«Чоң жетилик» Германияда чогулду

«Чоң жетилик» деп аталган өнөр жайлары өнүккөн 7 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Германиянын Любек шаарында чогулушту.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жыйында Жакынкы Чыгыштагы маселелер жана Ирандын атомдук программасы карала турганын билдирди.
Министрлердин күн тартибинде Батыш Африкадагы эбола илдетинин да орун алышы күтүлүүдө.
Чоң жетиликке кирген өлкөлөр Германия, Франция, Англия, Италия, Япония, Канада жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин жыйыны бүгүн аяктайт.
Бул учурда жыйынга каршылык көрсөтүү үчүн чогулган 500 кишилик топко немис полициясы бөгөт койду.
«Stop G7» аттуу топ Чоң жетиликтин экономикалык саясаттарынын эзүү, жакырчылыкты күүлөп жана жаратылышка зыян тийгизип жатканы себеби менен сындап жатат.
Жөө жүрүш өткөргөн топко полициянын бөгөт коюсу баш аламандыкка себепчи болчу.
Айрым демонстранттар суракка алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар