Обама менен Кастронун алгачкы жолугушуусу

Обама менен Кастронун жолугушуусунда алгачкы тема Вашингтон жана Гаванада эки өлкөнүн элчиликтеринин ачылуусу болду.

233995
Обама менен Кастронун алгачкы жолугушуусу

Жарым кылымдан кийин алгач ирет бир АКШнын президенти менен Кубанын мамлекет башчысы бетме-бет жолугушуу өткөрүштү.
Көптөгөн айга созулган дипломатиялык карым-катнаштардын кайрадан курулушу үчүн жүргүзүлгөн аракеттердин акырында Барак Обама менен Раул Кастро алгачкы расмий жолугушууларын Панамадагы Америка мамлекеттеринин саммитинде өткөрүштү.
Мунун «тарыхый бир жолугушуу» болгонун баса белгилеген Обама, эки өлкөнүн ортосунда маанилүү пикир айырмачылыктары болушу табигый көрүнүш экенин жана жаңы башталгыч жасоону каалагандарын айтты.
Кастро да бардык нерсени талкуулоого даяр болгондорун, бирок дипломатиялык тармакта муздардын ээриши үчүн абдан сабырдуу болуу керектигин сөз кылды.
Жолугушууда алгачкы тема Вашингтон жана Гаванада эки өлкөнүн элчиликтеринин ачылуусу болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар