АКШ менен Кубанын карым – катнаштарында тарыхый күн

. Кубанын Америка Кошмо Штаттары уюмуна мүчөлүгү Вашингтондун кысымы менен 1962 - жылы тоңдурулган болчу

233537
АКШ менен Кубанын карым – катнаштарында тарыхый күн

Панамадагы Америка саммитинде Американын президенти Барак Обама жана Кубанын мамлекет башчысы Раул Кастро кол алышты жана бир канча убакыт маектешти. Кубанын Америка Кошмо Штаттары уюмуна мүчөлүгү Вашингтондун кысымы менен 1962 - жылы тоңдурулган болчу. Вашингтон биринчи жолу бул жылы Кубанын саммитке катышуусуна нааразычылык билдирген жок. Панамадагы саммитте кол алышып көрүшүп маектешкен Обама жана Кастронун эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүсү да күтүлүүдө.
Обама жана Кастро акыркы жолу 2013 - жылы каза болгон Түштүк Африка лидери Нельсон Манделанын жаназа зыйнатында кол алышкан. Өткөн декабрь айында Куба менен дипломатиялык карым – катнаштарын нормалдаштырганын билдирген Обама бул өлкөнү терроризмге жардам берген өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарууга даярданууда. Кубанын террор тизмесинде орун алуусу карым – катнаштардын нормалдашуусу жана элчиликтердин кайрадан ачылуусунун алдындагы эң чоң маселе катары көрүнүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар