Москвада Сирия үчүн жыйын

Москва Сирия үчүн экинчи жолу чогулду

231019
Москвада  Сирия үчүн жыйын

Орусиянын борбор шаары Москвада экинчиси өткөрүлгөн «Сирия жыйынына» катышкан оппозициячыл топтор бүгүн өткөрүлө турган сүйлөшүүдө карала турган темалардын жалпы алкагын белгиледи. Саясий чечүүчү жолго ишенген бардык сириялык уюмдардын өлкөдөгү саясий процесске катышуусу керектиги белгиленген 6 беренелик текстте : «Өлкөдөгү зомбулук окуяларынын эртерээк соңуна чыгуусу, калк дуушар болгон абалдын чечилүүсү, террор менен күрөш, демократиялык өзгөрүү процесси соңуна чыгарылып, жарандык жана демократиялык системага өтүү менен бирге тышкы кийлигишүүлөргө бөгөт болуу» темалары каралууда. Жыйындын бул үчүнчү күнүндө сириялык оппозициячылдардын Сириянын БУУму өкүлү Бешшар ел – Жаферинин жетекчилигиндеги делегация менен жолугушуусу жана келинген акыркы жерге баа берилүүсү күтүлүүдө.
Москвада 26 – 29 - январь күндөрү өткөрүлгөн биринчи Сирия жыйынына жеке чакырылган, сүйлөшүүлөргө SMDKнын төрагасы Халид Хожа жана коалиция мүчөлөрү менен Орусия тарабынан чакырылган Муаз ел - Хатиб, Хади ел - Бахар, Абдулбасит Сейда, Бедир Жамус сыякттуу бир топ киши катышкан эмес. Сириядагы жарандык согуш тууралуу абал белгиленбеген сүйлөшүүлөрдө кээ бир оппозициячылдар жыйындардын режим менен режим байланышта болгон оппозициячылдардын арасында өткөнүн ортого салышкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар