Афинада бийликке каршы митинг

Митингге чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты

231438
Афинада бийликке каршы митинг

Грециянын борбор шаары Афинада бийликке жаңы келген сол өкмөт чыгарууга аракет кылган С тибиндеги абак мыйзамын протест кылган митингчилер полиция менен кагылышты. Шаардын борборундагы Афина университетинин алдында чогуган 1000ге жакын киши ураандардын коштоосунда парламентке чейин жүрүштү. Абактарда ачкачылыкка чыккан кылмышкерлерге колдоо максатында уюштурулган митингде унаалар менен таштанды контейнерлери өрттөндү. Беттери маскалуу кишилердин кол салуусуна учураган кээ бир дүкөн жана иш жерлеринин терезелери сындырылды. Колдо жасалган бомба жана таштарды ыргыткан митингчилерге полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Түнкү сааттарга чейин болгон митингдерде шаардын борборундагы кээ бир проспектилер унааларга жабылды. Окуяларда 4 киши камоого алынды. Митингге чыккандар юстиция министрлиги чыгарууну каалаган жогорку коопсуз абак мыйзам долбоорунун жоюлуусун каалап жатат. Жаңы мыйзамдын террордук кылмышкерлердин жана башка оор жаза кылмышкерлеринин абак шарттарынын оордоштурулуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар