Йеменде кырдаал курч

Акыркы бир жумада 519 киши каза таап, 1700 киши жаракат алды.

228257
Йеменде кырдаал курч

Йеменде акыркы эки жумада болгон кагылышууларда өлкө оор чыгымга учурады.
Ал өлкөдөгү кагылышууларда 519 киши каза таап, 1700 киши жаракат алды.
Бириккен Улуттар Уюмунун чукул кырдаалдар боюнча координатору Валери Амос кагылышуулардын арасында калган жарандардын коопсуздугуна абдан капа болгонун айтты.
Бир тараптан түштүктөгү Аден шаарында хуси кыймылынын террористтери илгерилөөсүн улантууда.
Хусилер Адендин Эл-Машыйк аймагын жана бул жердеги президенттик кеңсесин көзөмөлгө алышты.
Президент Абдурраббу Мансур Хадини жактоочу күчтөр менен хусилердин ортосундагы айыгышкан кагылышуулар уланууда.
Бул учурда Сауд Арабия, аймакка жардам жеткирүүнү каалаган Кызыл крестке уруксат берди. Аденде 24 сааттык ок атпоо чакырыгын салган Кызыл крест, «шаарда адамзаттык абалдын коркунучтуу болгонун, суу тартыш болуп жаткан аймакта өлүктөрдүн көчөлөрдө үймө болуп кеткенин» жарыялады.
Бир тараптан Азербайжан да борбор шаар Санадан акыркы атуулдарын чыгарып кетти.Азербайжандын 7 атуулу да Санадан Түркиянын жардамы менен Стамбулга алып келинди. Ушуну менен Йеменден чыгып кетүүнү күткөн Азербайжан жараны калган жок.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар