Алиев король Салман менен жолугушту

Алиевдин король Салман менен жолугушуусунда көптөгөн темалар сүйлөшүлдү.

227622
Алиев король Салман менен жолугушту


Сауд Арабстандын королу Салман бин Абдул-Азиз Аль Сауд борбор шаар Риядда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар, ар башка секторлордо кызматташтыкты арттыруунун жолдору менен аймактык жана эл аралык маселелер каралды.
Эки лидердин жолугушуусуна Сауд Арабстандын тышкы иштер министри принц Сауд аль-Файсал, мураскор принц Абдулазиз бин Мукрин менен айрым министр жана жогорку деңгээлдеги жооптуулар да катышты.
Алиевди болсо сапары убагында тышкы иштер министр Элмар Мемедияров, экономика жана өнөр жай министри Шахин Мустафаев, Президенттиктин башкы катчысынын орун басары жана президенттин тышкы байланыштар кеңешчиси Новруз Мемедов менен Азербайжандын Рияддагы элчиси Расим Рызаев коштоп жүрүштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар