Эболага карата көчөгө чыгууга тыюу салынды

Көчөгө чыгууга тыюу салуунун максаты оорунун жугуусуна бөгөт болуу

285341
Эболага карата көчөгө чыгууга тыюу салынды

Батыш Африкада да таасирдүү болгон эбола эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде Сьерра-Леонеде дагы үч күндүк көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыяланды. 6 миллион калктуу өлкөдө көчөгө чыгууга тыюу салуу менен вирустун дагы көп кишиге жугуусуна бөгөт болуу максат кылынууда. Адамдар үйлөрүндө отурганда саламаттыкты сактоо кызматкерлери жаңы оорулууларды таап аныктайт. Саламаттыкты сактоо топтору калкка эпидемияга каршы коргонуу тууралуу маалымат беришет. Сьиерра – Леонеде сентябрь айында да ушул эле максат менен 3 күндүк көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыяланган болчу. Өткөн жылы Гинеде чыккан эбола эпидемиясы кыска убакта коңшу өлкөлөргө да өткөн. Эң көп таасирленген Сьиерра - Леоне менен Гине жана Либерияда 10 миң 200дөн ашуун киши эпидемиянын айынан каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар