Украинанын газ маселеси

Украина орус газын импорттоону толугу менен токтотот.

281297
Украинанын газ маселеси

Украина Европа өлкөлөрүнөн «терс агым» ыкмасы менен алган газдын негизинде Орусиядан импорттоону толугу менен токтотууну пландоодо.
Орус газына болгон көз карандылыгын азайткан Украина колдонуп жаткан газынын 70 пайызын Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн ала баштады.
Польша, Словакия, Румыния жана Венгриянын жерлеринен өткөн орус газынын агымын тескериге айланткан Украина бул өлкөлөрдөн газ импорттоодо.
Ушундайча Украина Румыниядан күнүмдүк 45 миллион куб метр, Словакиядан 22 миллион куб метр жана Польшадан да 4 миллион куб метр газ алат.
Венгрия болсо күнүмдүк 16 миллион куб метрге чейин экспорттоо көлөмүнө ээ болгонуна карабастан импорттогон орус газын топтоосу керектиги себеби менен Украинага 9 миллион куб метр жөнөтүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар