АКШ : «Келишимди тааныбайбыз»

АКШ Орусия менен Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган түштүк Осетиянын кол коюлган союздаштык келишимин тааныбаганын белгиледи

272677
АКШ : «Келишимди тааныбайбыз»


Американын тышкы иштер министрлигинин катчысы Жан Псаки күнүмдүк пресс брифингинде берген маалыматында : «Бул келишим жана ноябрь айында Абхазия менен кол коюлган келишим жарактуу эл аралык келишим эмес»,- деп айтылды.
Псаки : «Басып алынган Түштүк Осетия жана Абхазия аймактары Грузиянын бир бөлүгү жана Грузиянын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү жана жеринин бүтүндүгүн колдоону улантабыз»,- деди.
Орусия менен Грузиядан бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган Түштүк Осетиянын ортосунда кечээ кол коюлган ортоктук жана интеграция келишими тараптардын ортосунда социалдык, экономикалык, гуманитардык, саясий, коргонуу жана коопсуздук тармактарында жакын кызматташтыктын түзүлүшү үчүн пайдубал болду. Келишим менен тараптардын ортосунда коопсуздук жана коргонуу аянтынын түзүлүшү, Орусия – Түштүк Осетия чек арасында эркин өтүүгө мүмкүнчүлүктүн түзүлүшү, бажы мекемелеринин интеграциясы, ички иштер министрликтеринин арасында кызматташтык жана Орусия жарандыгына өтүү процессинин жеңилдетилиши күтүлүүдө. 25 жыл иштей турган келишим андан кийин 10 жылдык мөөнөт менен узартылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар