Израилде «Ликуд» жеңиши

«Ликуд» партиясы добуштардын 23, 27 пайызын алды

270551
Израилде «Ликуд» жеңиши

Израилде болгон эрте жалпы шайлоодо добуштарды саноо иши аяктады. 20 партия катышкан шайлоодо «Ликуд» партиясы жеңишин жарыялады.
Борбордук Шайлоо Комиссиясы жарыялаган маалыматтарга караганда премьер – министр Беньямин Нетаньяху лидери болгон «Ликуд» партиясы 23, 27 пайыз, Ицхак Герцог жана Ципи Ливни лидерлигиндеги «Сионист Биримдик» 18, 73 пайыз, Бириккен Араб Тизмеси болсо 10, 98 пайыздык добуш алды. Коомдук пикирдин анкеталарынын тескериси болуп чыккан жыйынтыкка караганда «Ликуд» 29 орундук менен Кнессетке кирип, «Сионист Биримдик» партиясы 24 депутат, Бириккен Араб Тизмеси да 14 депутат чыгарды. Өлкөдө жалгыз өкмөт куруу үчүн эң аз 61 орундукту алуу керек. Шайлоодон биринчи партия болуп чыккан «Ликуд» партиясынын лидери Беньямин Нетаньяху коалиция куруу иштерин баштады. Коалиция өкмөтүндө Бириккен Араб Тизмесиндеги ысымдардын орун алуусу күтүлүүдө.
Ошол эле учурда 4 миллион 223 миң добуш берилген шайлоого катышуу катнашы 71, 8 пайыз болду. Катнаш Израилде 1999 - жылдан бери байкалган эң жогорку катышуу катары тархыка катталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар