Дүйнө жүзүндө курал-жарак соодасы акыркы 5 жылда 16 пайыз өстү

Эң көп курал-жарак сатып алгандардын тизмесинде алгачкы орундарда Индия, Сауд Арабия жана Кытай турат.

267591
Дүйнө жүзүндө курал-жарак соодасы акыркы 5 жылда 16 пайыз өстү

Стокгольмдогу Тынчтык изилдөөлөрү институтунун отчетуна караганда дүйнө жүзүндө курал-жарак соодасы акыркы 5 жылда 16 пайыз өстү.
Ири экспортчулар АКШ менен Орусия болсо, Германия үчүнчүлүктү Кытайга тарттырып жиберди.
2010- 2014-жылдардын арасында АКШ дүйнөдөгү курал-жарак экспортунун 31 пайызын, Орусия болсо 27 пайызын ишке ашырды.
Жакынкы Чыгышка курал-жарак сатуу болсо 25 пайыз өстү.
Эң көп курал сатып алгандардын тизмесинде алгачкы орундарда Индия, Сауд Арабия жана Кытай турат.
Түркия тизмеде жетинчи орунду ээлейт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар