Норвегия Армениянын сунушун четке какты

Эрна Сольберг өздөрү үчүн Түркия менен болгон карым-катнаш дагы маанилүү экендигин айтты.

265352
Норвегия Армениянын сунушун четке какты

Норвегиянын премьер-министри Эрна Сольберг 1915-жылдагы окуялардын 100 жылдыгынын себебинен Арменияда боло турган эскерүү аземдерине катыша албай тургандарын жарыялады.
Армениянын президенти Серж Саргсяндын сунушун четке каккан Сольберг өздөрү үчүн Түркия менен болгон карым-катнаш дагы маанилүү экендигин айтты.
Солберг: «Бул темада Түркия көп жолу архивдерин ачылышы жана тарапсыз тарыхчылардын архивдерди изилдеши керектиги боюнча сунушун жасады, бирок Армения буга эч жакындап койгон жок. Менин оюмча да бул тема жалгыз гана тарыхчылардын темасы жана саясий материал кылынбашы керек»-деди.
Премьер-министрликтин кеңешчиси Баард Рад Педерсен да: «Тарыхый темаларда чечим чыгаруу тарыхчыларга ташталышы керектигин белгилеп: «Бул тема акыркы жылдарда абдан талаштуу тема болуп жатат. А бирок эмненин геноцид болуп же болбой турганы БУУнун чечимдери менен белгиленет. Ал үчүн бул темада баа берүүлөрдү тарыхчылар жасашсын»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар