Европа Биримдиги Орусияны Крымга аскер чогултуу менен күнөөлөдү

Орусия Түндүк Муз океанында 5 күндүк жаңы бир машыгуу баштады

266690
Европа Биримдиги Орусияны Крымга аскер чогултуу менен күнөөлөдү

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Крымда адам укуктарынын бузулушунан тынчсызданышкандарын белгилеп, Орусиянын аннекциясын таныбай турганын билдирди. Могерини Крымдын жана Севастополдун аннекциясынын эл аралык укуктун ачык түрдө бузулушу экенин белгилеп, мамлекеттердин жеринин бүтүндүгү жана эгемендик принцибине көңүлдөрдү бурду. Могерини жарыялаган билдирүүсүндө Крымда ой эркиндигинин чектүү экенин, азчылыктардын камоого алынганын айтты. Могерини Крымдын эл аралык байкоочуларга ачылуусун да талап кылды.
Орусиянын тышкы иштер министри Лавровдон да күнөөлөө келди. Лавров Вашингтондун Украинага курал жиберүү чечимин чыгаруусу менен мунун февраль айында ишке кирген Минск ок атууну токтотуу келишимин жойорун айтты. Ошол эле учурда Орусиянын өлкөнүн түштүгүндө НАТОнун да Кара деңиздеги аскердик машыгуулары улантылууда. Орусия айрыкча Түндүк Муз океанында 5 күндүк жаңы бир машыгуу баштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар