Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун эскертүүсү
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Гепатит В оорусу боюнча эскертти.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму, жыл сайын 650 миң кишинин каза болушуна себепчи болгон Гепатит В оорусунан сактануу үчүн балдардын сөзсүз эмделиши керектигин билдирди.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму дүйнөдө орто эсеп менен 250 миллион киши жабыр тарткан Гапатит В оорусун алдын алуу үчүн Хроникалык Гепатит В инфекциясына каршы чара көрүү жана дарылоо тартибин даярдады.
Жаңы инфекцияларды алдын алуунун өтө маанилүү экенин, ушул себептен балдардын эмделишин жана биринчи дозасын алгачкы 24 сааттын ичинде берилишин сунуштады.
Бул илдеттин Африка жана Азияда көбүрөөк катталганына көңүл бурулуп, өнөкөткө айланган гепатит менен ооруган кишилерге цирроз жана боор рагы жагынан чоң коркунуч жаратканы да баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.