Эболадан каза болгондордун саны 10 миңден ашты

Эбола вирусунан Либерияда 4 миң 162, Сьерра-Леонеде 3 миң 655, Гвинеяда болсо 2 миң 187 киши каза болду.

261399
Эболадан каза болгондордун саны 10 миңден ашты

Батыш Африкага таасирин тийгизген эбола вирусунан каза тапкандардын саны 10 миңден ашты.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Либерия, Гвинея жана Сьерра-Леонеде бул ооруну жугузуп алгандардын саны 24 миң 350гө жеткенин билдирди.
Америкалык дагы бир медицина кызматкери Сьерра-Леонеде эболаны жугузуп алды жана өлкөсүндөгү ооруканага жаткарылды.
Ушундайча август айынан бери АКШда эболага чалдыккандардын саны 11ге жетти.
491 медицина кызматкери жабыр тарткан эбола вирусунан Либерияда 4 миң 162, Сьерра-Леонеде 3 миң 655, Гвинеяда болсо 2 миң 187 киши каза болду.
Бир тараптан Либерияда акыркы эки жумада жаңы катталгандар болбогону билдирилди.
Батыш Африкадан тышкары Малиде эболаны жугузуп алган 8 кишиден 6сы, Нигерияда 20 кишиден 8и жана АКШда 4 кишиден 1и каза болуп Англия, Сенегал жана Испанияда бирден киши эболаны жугузуп алганы аныкталган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар