АКШ Орусияны күнөөлөдү

Украинада миңдеген адамдын каза болгону жана буга Орусия күнөөлүү экени белгиленди.

257717
АКШ Орусияны күнөөлөдү

АКШ Крым менен Украинанын чыгышындагы айрым жерлердин террор коркунучунда экенин билдирди.
Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинин Украинага байланыштуу отурумунда Украинада миңдеген адамдын каза болгону жана буга Орусия күнөөлүү экени белгиленди.
Отурумда аймакта Кремль тарабынан даярдалган, орус танкалары жана оор куралдар менен колдоо көрсөтүлгөн, орустардын салыктары менен финансыланган согуш болуп жатканы баса белгиленди.
Жыйында Крымдын мыйзамсыз басылып алынуусу улантып жатканына көңүл бурулуп, адам укуктарын бузуулардын көптөгөн топ үчүн коркунуч жаратканы сөз кылынды.
БУУнун айтымына караганда Украинанын чыгышында болуп жаткан кагылышууларда апрель айынан бери 6 миңден ашуун киши каза болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар