Украина оор куралдарды чыгарууну улантууда
Тараптар келишим боюнча оор куралдардын чыгарылуусунан кийин 50 километрдик буфердик аймак түзөт
Орусия жактоочулары Украинанын чыгышында ок атууну токтотуу келишими боюнча оор куралдардын фронттон чыгаруу иштерин аяктаганын жарыялады. Орусия жактоочулары акыркы 8 пулеметтун фронттон чыгарылганын билдирди. «Биз оор куралдардын баарын атуу аралыгынын тышына чыгардык. Украина армиясы болсо азырынча муну жасай элек»,- деп айтылган маалыматта Киевдин ок атууну токтотуу келишимине баш ийбесе куралдардын фронтко кайра алып келинери боюнча эскертүү жасады. Украина да оор куралдарды чыгаруу ишин баштаганын жарыялаган болчу. Оор куралдарды чыгаруу ишинин улантылып жатканын жарыялаган Украина катчысы көптөгөн айлардан бери биринчи жолу акыркы 24 сатта каза болгон аскердин болбогонун белгиледи. Тараптар келишим боюнча оор куралдардын чыгарылуусунан кийин 50 километрдик буфердик аймак түзөт.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.