Президент Хүсейниден ислам өлкөлөрүнө чакыруу

Пакистандын президенти Мемнун Хүсейни ислам өлкөлөрүн биримдик болууга чакырды

253404
Президент Хүсейниден ислам өлкөлөрүнө чакыруу

Пакистандын президенти Мемнун Хүсейни ислам өлкөлөрүн көп тараптуу коопсуздук маселелерин чечүү үчүн биримдик болууга чакырды.
Хүсейни Түркия – Азия стратегиялык иликтөөлөр борборунун чет элдик өнөктөштөрү менен борбор шаар Исламабадда өткөргөн 6 - ислам өлкөлөрү ой мекемелери формунда сүйлөгөн сөзүндө ислам өлкөлөрүнүн дагы көп кызматташтык түзүүсү керектигин айтты. Ортого салына турган аракеттердин бир гана улуттардын өз бейкуттугу, өз өнүгүүчүлүгү үчүн эмес, «үммүт» аң – сезиминин алкагында бүткүл ислам дүйнөсүнүн атынан жасалуусу керектигин белгилеген Хүсейни, бирок бул түшүнүк менен ислам дүйнөсүнө бейкуттуктун келерин белгиледи. Хүсейни мусулман калктардын арасында болуп жаткан сектанттык жана терроризм сыяктуу маселелердин исламдык түшүнүк менен дал келбегенин баса белгиледи.
Мемнун Хүсейни : «Пакистан катары Түндүк Кипр Түрк Республикасынын, Палестианын, Босния – Герцеговинанын эгемендик жана жеринин бүтүндүгүнүн сакталуусуна болгон колдообузду улантабыз»,- деди. Президент Мемнун Хүсейнинин сөзүнөн киийн ислам дүйнөсүнүн «Стамбул сыйлыктары» аземи өткөрүлдү. Аземде «Стамбул стратегиялык сыйлыгы», өнүккөн сегиз өлкө Д – 8 экономикалык кызматташтык уюмуна, «Стамбул коомдук дипломатиясы» сыйлыгы болсо ТРТга берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар