Немцовду өлтүргөн эки киши камоого алынды

Шектенилген Заур Дадаев жана Анзор Губашев камоого алынды

252617
Немцовду өлтүргөн эки киши камоого алынды

Орусияда оппозициячыл лидер жана мурунку вице – премьер Борис Немцовдун өлтүрүлүүсү тууралуу эки шектүү кишинин камоого алынганы билдирилди. Орусия федералдык коопсуздук сервисинин төрагасы Александр Бортников орус медиасына берген маалыматында : «Жүргүзүлгөн иштердин акырында Немцовду өлтүрдү деген шектенүү менен Заур Дадаев жана Анзор Губашев камоого алынды»,- деди.
Бортников тема тууралуу президент В. Путинге маалымат берилгенин айтып шектүү кишилердин Кавказия тектүү экенин айтты. Борис Немцов 27 - февраль күнү түнү Москвада Кремилдин жакындарында ким экени белгисиз кишилер тарабынан өлтүрүлгөн. Немцов акыркы жылдарда Путинге каршы митингдерге берген колдоо жана оппозициячыл кыймылы менен алдыга чыгып жаткан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар