Украина аскер санын арттырууда

270 депутат президент Пётр Порошенко тарабынан сунуш кылынган долбоор үчүн «кабыл» добушун берди

251247
Украина аскер санын арттырууда

Украина парламенти куралдуу күчтөрдүн санынын 250 миңге чыгартылуусуна байланыштуу долбоорду кабыл алды. Добуш берүүдө 270 депутат, президент Пётр Порошенко тарабынан сунуш кылынган долбоор үчүн «кабыл» добушун берди. Кабыл алынган мыйзамга караганда куралдуу күчтөрдүн саны 35 пайыздык катнашта арттырылуу менен 250 миңге чыгарылып жана мунун 204 миңин аскерлер түзөт. Добуш берүүдөн мурда парламентте сөз сүйлөгөн коргоо министринин орун басарларынан Петр Мехед долбоордун өлкөдө жарыяланган мобилизациянын алкагында даярдалганын белгиледи.
Мехед чыгыштагы террор менен күрөшүү операциясынын соңуна чыгуусунан кийин өлкөдөгү аскердик жана саясий абалга караганда аскер санынын кайрадан азайтыла аларын да белгиледи.
Мыйзам долбоорунда бул артуу менен өлкөнүн эгемендиги, жеринин бүтүндүгү жана чектеринин кол тийбестигинин сакталуусунун максат кылынганын баса белгилеген. Украина армиясы аскер санын 2012 - жылы 184 миңге чыгарган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар