Эбола менен күрөшүүдө оң жылыштар бар

Либериялык жооптуулар өлкөдө эми эбола оорулуусу калбаганын билдиришти.

250392
Эбола менен күрөшүүдө оң жылыштар бар

Батыш Африкада 10 миң кишинин каза болушуна себепчи болгон эбола илдетине байланыштуу оң жылыштар бар.
Эболанын себебинен эң көп киши каза болгон Либериядагы акыркы оорулуу да айыкты.
Баш калаа Монровиядагы эбола оорусун дарылоочу борбордон айыгып чыккан 58 жаштагы аял оорулуу үчүн азем өткөрүлдү.
Либериялык жооптуулар да өлкөдө эми эбола оорулуусу калбаганын билдиришти.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Гвинея жана Сьерра-Леонеде 132 кишинин жаңы катталганын билдирген болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар