Сирияда зомбулук улантылууда

4 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды

248897
Сирияда зомбулук улантылууда

Асад бөлүктөрүнүн Дамасктын Чыгыш Гута аймагындагы абадан бомбалоосунда 4 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды. Чыгыш Гутада 150сү бала болгон 216 кишинин да ачкачылыктан каза болгону билдирилди. Өлкөнүн түндүгүндөгү Халепте болсо оппозициячыл бөлүктөр режимге караштуу аба күчтөрүнүн чалгындоо филиалынын имаратынын астына казган туннелди жардырды. Жарылууда 20 аскер каза болду. Имараттын чоң бир бөлүгү чыгымга учурады. Жарылуудан кийин бийликтин бөлүктөрү менен оппозициячылдардын ортосунда кагылышуу чыкты. Бийлик күчтөрүнүн аба күчтөрү чалгындоосуна таандык имаратты аскердик штаб жана камалгандар үчүн кыйноо борбору катары колдонгону айтылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар