Орусияга каршы кошумча санкция

Лидерлер Минск келишиминин ишке ашырылышы менен санкциялардын арасында «жакын бир байланыштын бар экени» тууралуу макулдашышты

247766
Орусияга каршы кошумча санкция

АКШнын президенти Барак Обама жана Европа Биримдигинин лидерлери Украинада ок атууну токтотуунун эрежелеринин бузулушу улантыла бере турган болсо Орусияга кошумча санкция жасашарын кабарлады. Обама менен Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Англиянын премьер – министри Дэвид Кэмерон жана Италиянын премьер – министри Маттео Рензи видео конференция жолу менен Украина жана Ливия меселесин сүйлөштү. Лидерлер Минск келишиминин ишке ашырылышы менен санкциялардын арасында «жакын бир байланыштын бар экени» тууралуу макулдашышты. Ушуга караганда Минск келишиминде дагы көп эреже бузуулар боло турган болсо Орусияга кошумча санкция жасоо чечими чыгарылат. Бир тараптан Украинанын президенти Пётр Порошенко өлкөнүн чыгышында ок атууну токтотууга карабастан кагылышуулар улантылып жаткан жерлерде ЕККУ байкоочуларынын жайгаштырылуусу керектигин айтты. Порошенконун сунушуна Орусия каршы чыгып, Европадан да күчтүү колдоо келди. Кагылышуулар улантылып жаткан аймактарда аскер чогултууга даярданып жаткандарын билдирген Порошенко Минскте чыгарылган ок атууну токтотуу чечимин Украина кризисин тынчтык жолу менен чечүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп мүнөздөгөн. Украинанын чыгышында акыркы 24 сааттагы кагылышууларда 3 Украина аскери каза болуп, 9 аскер да жараланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар