Грецияда протест

Афинада өкмөткө каршы протест болду

240549
Грецияда протест

Греция карыз программасынын төрт ай дагы уазртылуусуна евро аймагынын финансы министрлери тарабынан жашыл жарык жагылгандан кийин маанилүү бир бурулуштан өттү. Узартуу чечими немис парламентиндеги добуш берүүдө кабыл алынды. Бирок борбор шаар Афинада  өкмөткө каршы протест болду. СИРИЗА  өкмөтүнүн карыз тууралуу евро аймагы менен түзгөн келишимге каршы чыккан бир канча топ парламент имаратына карай жүрүп, кээ бирлеринин полиция менен кагылышууга киргени байкалды. Митингге чыккандар полицияга колдо жаслаган бомба жана таштарды ыргытып,  полиция болсо көздөн жаш агызуучу газ менен каршылык көрсөттү. Оркуяларда токтоп турган ондогон унаа өрттөнүп, тегеректеги иш жерлери менен банктардын жана автобус аялдадамалары чыгымга учурады. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар