Дүйнө кар жаашы жана суук аба менен күрөшүүдө

Катаал болгон кыш, жазга саналуу күндөр калганда бир топ өлкөдө күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди

239188
Дүйнө кар жаашы жана суук аба менен күрөшүүдө

 Акыркы 30 жылдын эң катаал кышын жашаган Афганстандын Панжшир аймагында бир айылда кар көчкүнүн болушу менен 124 киши каза болду.
Апаат болгон Маласпа айылында үйлөр кулап, көп сандаган жаралуулар да ооруканаларга жаткырылды. Борбор шаар Кабулда да калың кардын жаашы жана эриген кар суулары тескери таасирин тийгизүүдө.
Кабул жакындарында 70 үй – бүлө жашап жаткан качкындар лагеринде болсо турмуш шарттары абдан оор. Электр болбогон лагерде тамак – аш кыйынчылыгы жана ысынуу маселеси бар.
Акыркы жылдардын эң суук кыш айларын жашап жаткан АКШда калың кар жана борошо Түндүк Каролина, Жоржия, Атланта, Нью – Йорк жана Техаста абдан катуу болду. Мэнде эрте менен муз тоңгон жолдордо 40 унаа кырсыкка учураган. Бири биринин артынан болгон кырсыкта 6 киши жараланып, жол транспортко жабылды. Бир топ шаарда транспорт кыйынчылык менен жүрүүдө. Техаста 1500 учак каттамы токтотулду.
Өткөн жумада жаңы жыл жана жаз фестивалын белгилеген Кытайда да кар жаап, борошо болуп, көп сандаган учак каттамы токтотулду. Жаңы жыл эс алуусуна чыккан кишилер үйлөрүнө кайта албай жатышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар