Акыркы 24 саатта жан жоготуу болгон жок
Сергей Лавров батыштык өлкөлөрдүн ушундайча негизги ниетинин ок атууну токтотуу эмес экенин көрсөткөнүн жактады
Украинада ок атууну токтотуу 11 күн мурда ишке киргенине карабастан биринчи жолу акыркы 24 саатта жан жоготуу болгон жок. Өлкөнүн чыгышында болсо оор куралдардын фронттон чыгарылуусу иштеринин бүтпөшү тууралуу тараптар бири бирин күнөөлөп жатат. Орусия жактоочулары фронттон оор куралдарын чыгарууну улантып жатканын билдирди. Танк, пулеметтор конвой түрүндө жолго чыкты. Бирок ЕККУ байкоочулары азырынча муну ырастай албай турганын, тараптардын өздөрүнө жетеринче маалымат беришпегенин белгиледи.
*** Украина армиясы да оор куралдарын чыгарууну баштаганын билдирди. Украина армиясы Орусия жактоочуларын порт шаар Мариуполь шаарына кол салуу үчүн даярдануу менен күнөөлөп жатат. Кагылышуулардын токтогонуна карабастан Дебальцевонун Орусия жактоочуларынын колуна өтүүсү, батыштык өлкөлөрдү тынчсыздандырууда.
Англия аскердик машыктыруу үчүн Украинага 75 аскер жибеберин билдирди. Польша да бул өлкөгө машыктыруу максатында бир аскердик бөлүк жиберүүнү пландап жатат. Аймакта кагылышуулардын токтогонуна карабастан столдо сөз дуэли улантылууда.
АКШ менен Англиянын өткөн жумада жасаган Орусияга дагы көп санкция жасоо чакыруусуна Москва катуу тил менен жооп берди.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров батыштык өлкөлөрдүн ушундайча негизги ниетинин ок атууну токтотуу эмес экенин көрсөткөнүн жактады.