Лондондо Глобалдык укук саммити өтүп жатат

Саммит үч күнгө созулат.

231260
Лондондо Глобалдык укук саммити өтүп жатат

Англиянын борбору Лондондо Глобалдык укук саммити өтүп жатат.
Magna Cartaнын 800 жылдыгынан улам уюштурулган жана 3 күнгө созула турган саммитке дүйнөнүн төрт тарабынан мамлекет башчылары, жетекчилер жана укукчулар катышууда.
Саммитке Түркиядан адилет министри Бекир Боздаг, көп сандаган эл өкүлдөрү жана Түркиянын Юристтер Ассоциациясынын мүчөлөрү катышып жатат.
Боздаг саммитте террор менен күрөшүү темасында эл аралык кызматташтыктын маанисин баса белгилей турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар