Атомдук сүйлөшүүлөр уланып жатат

Атомдук сүйлөшүүлөр Женевада өтүп жатат.

228627
Атомдук сүйлөшүүлөр уланып жатат

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри атомдук сүйлөшүүлөр темасында Иран менен ортолорунда дагы эле маанилүү пикир келишпестиктер бар экенин айтты.
Керри атомдук сүйлөшүүлөр үчүн Женевада.
Сүйлөшүүлөрдүн бүгүнкү айлампасы Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Зарифтин катышуусунда министрлер деңгээлинде өтүп жатат.
Иран, АКШ менен катар сүйлөшүүлөргө катыша турган 5 өлкөнүн да тышкы иштер министрлери деңгээлинде жыйын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Женевада жума күнү тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлинде башталган сүйлөшүүлөргө, Евробиримдиктин өкүлү Хельга Шмидт да катышкан болчу.
Иран менен 5+1 тобунун ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр туруктуу макулдашууга жетишилбегендиктен 2015-жылдын 1-июлуна чейин узартылган эле.
Атомдук сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйыны Иран, Англия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын катышуусунда 29-январда Стамбулда өткөрүлгөн болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар