Ливияда жарылуу болду

Кол салууда 47 киши каза болду

226565
Ливияда жарылуу болду

Өлкөнүн чыгышындагы Кубба шаарында бомбалуу унаа менен жасалган кол салууда каза болгондордун саны 47ге жетти. Кол салууда 70 кишинин жараланганы билдирилди. Ливиялык жетекчилер кол салууда бир бензин станциясынын, бир полиция имаратынын жана өкүлдөр парламентинин спикеринин үйүнүн бутага алынганын айтты. Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДАЕШ менен байланышы болгон бир группа моюнга алды. Бир парламент жетекчиси кол салуунун Египеттин Дерна жакындарында ДЕАШ буталарына жасалган абадан кол салууга карата жооп болушу мүмкүн экенин айтты. Каза болгондор үчүн 7 күндүк аза күтүү жарыяланды. АКШ да кол салууларды айыптады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар