Украинада абал
Дебальцево шаарынан баш – аламан кабарлар келүүдө
Ок атууну токтотууга карабастан кагылышуулар болуп жаткан Украинанын Дебальцево шаарынан баш – аламан кабарлар келүүдө. Орусия жактоочуларынын шаардын текшерүүсүн толугу менен колго алганы жана украиналык 300 аскерди тузакка түшүргөнү ортого салынууда. Башка бир айтымда болсо курчоого алынган шаардагы жүздөгөн украиналык аскердин Орусия жактоочуларына багынганы боюнча. Украина армиясынын жанында согушкан милиция күчтөрүнүн лидери Дебальцеводон пландуу түрдө чыга баштаганын жарыялады. Милиция күчтөрү Орусия жактоочуларын жолдорду тосуп, аскерлердин шаардан чыгуусуна бөгөт болууга аракет кылуу менен күнөөлөдү. Орус кабар агенттиги болсо, жүздөгөн украиналык аскердин Орусия жактоочуларына куралдарын тапшырганын жарыялады. Орусия жактоочулары андан мурда Украина аскерлерине багына турган болсо шаардан кетүүлөрү үчүн адамзаттык коридор ачууну сунуш кылган. Украина террор менен күрөшүү борборунун катчысы полковник Андрей Ливенко болсо бул айтылгандардын тескерисинче Украина аскерлеринин кол салууларды майтарганын жана үзгүлтүксүз кол салууларга карабастан абалын сактап калууга аракет кылганын билдирди. Ок атууну токтотуунун Дебальцевону камтыбаганын жактаган Орусия жактоочулары шаардагы кол салууларын токтоткон эмес.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.